15:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Парламентте төраганын ордуна келе тургандардын ысымдары аталды

Парламентте эгер депутаттар Исхак Масалиевдин айткандары менен макул болуп, төрага Дастан Жумабековду ишенимден ажыратышса, төрагалык кызматка келе тургандардын ысымдарын аташты.

24.kg агенттигине Жогорку Кеңештен жеке булак билдиргендей, төраганын ордуна 2 талапкер — «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана КСДПнын лидери Иса Өмүркуловдун ысымдары аталууда. Алар азырынча түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз.

Төраганын отставкасын демилгелеген Исхак Масалиев 24.kg агенттигине билдиргендей, кулуарларда аны кесиптештери колдошкону менен, депутаттар добуш бере алышабы же жокпу белгисиз.

«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, Дастанбек Жумабековдун отставкага кетүүсүнө негиз жок.

Эң көп окулган жаңылыктар