17:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Анкарада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду

Кечээ Түркиянын Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов сейил багында улуу жазуучунун эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Эстелик Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен Анкара шаарынын Кечиөрен районун мэриясы тарабынан жасалып, орнотулду.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, мэриянын, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, кыргыз жана түрк студенттери, Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземге карата комузчулар концерт коюшту.

Эң көп окулган жаңылыктар