00:41
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейитте» Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жазуучуну эскерүүгө Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева, Чыңгыз Айтматовдун туугандары, достору жана чыгармачылыгына таазим эткендер келишти. 

Гүл койгондон кийин Куран окулду.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков жана аны коштогондор 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, 1916-жылдын курмандыктарынын монументине жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын мемориалына гүл коюп, Куран окутушту.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби