18:21
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды

Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Газета.uz сайты жазды. 

Маалыматка караганда, эстелик жазуучунун атын алып жүргөн көчөгө коюлду.

Мындан тышкары жазуучунун бюсту Ташкент облусуна караштуу Паркент районундагы № 33 мектепке коюлду. Иш-чарага Өзбекстан жазуучулар кеңешинин өкүлдөрү, Көркөм сүрөт академиясынын кызматкерлери жана окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Эске салсак, президент Шавкат Мирзиеев Өзбекстанда жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын тизмесин бекиткен.

Эң көп окулган жаңылыктар