12:46
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Декабрга бекитилген республикалык бюджеттин кассалык планы 15 миллиондон ашат

Үстүбүздөгү жылдын декабрь айына бекитилген республикалык бюджеттин кассалык планы боюнча жалпы ресурстар 15 миллион 75 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы чыгашалар 12 миллион 629 миң 600 сомду түзмөкчү.

«1-декабрга карата мурунку мезгилдин кассалык планынан калдык 5 миллион 509 миң сомду түздү. Ушул тапта жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттары бюджеттик мекемелердин жеке эсептеринде турат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар