12:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 24 миллион сомдон ашуун каражат коротулду

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айлары аралыгында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 24 миллион 634 миң сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекеттик тышкы карыз боюнча — 12 миллион 962 миң сом, ички карыз боюнча — 11 миллион 672 миң сом жумшалды.

2019-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы+ички) карызы 313 миллион 911 миң 480 сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар