18:14
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутат: Акысыз пластик баштыктарын таратууга тыюу салыш керек

Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары пластиктен жасалган баштыктарды сатууга жана өндүрүүгө тыюу салууну колдошууда.

Айнуру Алтыбаева мурунку чакырылышта демилге көтөрүлгөнү менен, документ долбоору экспертизадан өткөн эмес.

«Албетте, пластик өндүрүүчүлөр нааразы болушат. Ушундай эле окуя чылымга каршы мыйзам кабыл алынганда болгон. Бирок экологияны сактоо үчүн акысыз пластик баштыктарын таратууга тыюу салыш керек», — деди депутат.

Долбоорду ишке ашырууга 16 миллион сом бөлүү сунушталды. «Бул куру кыял. 16 миллионго кайра иштетүү керек деп болгону Бишкекти гана эсептешкен өңдүү», — деди депутат Улан Примов. Ал баштыктарга толугу менен тыюу салуу керектигин белгиледи.

Бирок, депутат Айбек Алтынбеков өлкөдө баштык чыгарган 10го жакын ишкана бар экенин, алар чыгашага учурай турганын эскертти. Дагы бир депутат Кожобек Рыспаев пластикти колдонууга мораторий киргизүүнү сунуштады.

Жогорку Кеңеште полимердик жана пластик материалдарынан жасалган таңгактоо пакеттеринен чогулган калдыктардын көлөмүн азайтууга багытталган «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорунун башкы максаты жана милдети өлкөнүн ички рынокторуна полимердик жана пластик пакеттерди сатууда жана импорттоодо аларды утилдештирүү үчүн төлөмдөрдү жана утилдештирүү жыйымдарын жайылтуу аркылуу курчап турган чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана полимердик жана пластик материалдарынан жасалган таңгактоо пакеттеринен чогулган калдыктардын көлөмүн азайтуу, ошондой эле кагаз пакеттерин колдонууга өтүү болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар