14:57
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Жол белгилери жок. Бишкек — Кара-Балта жолунда бир айда 12 кырсык катталды

Бишкек — Кара-Балта жолундагы Москва районунда бир айда 12 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Абдумажит Юсуров айтып чыкты.

Анын билдирүүсүндө, курулуш иштери аяктаган бөлүктө айдоочулар жогорку ылдамдыкта айдашууда.

«Москва району көп калктуу жана кыймылдуу район. Бишкек — Кара-Балта жолун калыбына келтирүү боюнча иш аталган райондун айрым бөлүктөрүндө аяктаган. Кээ бир айдоочулар кеңири жаңы трассадан катуу ылдамдыкта айдашат, октябрда эле кырсыктан 6 бала каза болду», — деп айтты депутат.

Абдумажит Юсуров бул көйгөйгө көңүл бурууну жана жол белгилерин орнотууну суранды.

Эң көп окулган жаңылыктар