Бишкекте Стаханов көчөсүндөгү батирден өрт чыгып, 5 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, жабыркагандардын экөө 3-даражадагы күйүк алышты. Дагы бир чоң киши жана 3 жана 7 жаштагы эки бала иске ууланышкан.
Жабырлануучуларды ооруканага жеткиришти, алардын абалдары канааттандыраарлык.
Кырсыктын себеби- электр жабдыктарын туура эмес пайдаланышкан.