ЖККУ лидерлеринин кол тамгасынын сүрөтүн Армениянын премьер-министри Никол Пашинян facebook баракчасына жарыялаган.
Ал Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынында тартылганын белгилейт.
«Бишкекте өткөн саммиттин жыйынтыгында биз бир топ документтерди кабыл алдык», — деп жазган Никол Пашинян.
Соцтармактын колдонуучулары тажик лидери Эмомали Рахмондун кол тамгасына баа берип, өтө кооз катары баалашкан. Россия лидери гана кара сыя менен кол койгон.
Баарынан жөнөкөй кол тамга — Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдеки.