08:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жылаңач аял, ич кийим. Көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмөгө аялдардын пикири

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан феминаледе аялдардын укугун коргоо иретинде энеден туума жылаңач денесин көрсөткөн кыздар социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Белгилей кетсек, Бишкекте 27-ноябрда башталган алгачкы феминале Москвадагы басмаканада 2016-жылы чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналып, аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясынын алкагында өткөрүлдү.

Бул иш-чара коомдо кызуу талкууга алынып, бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында митинг өттү. Анда музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматтан бошотулганы маалымдалды. Министрлик атайын комиссия түзүп, текшерүүгө аларын убадалады. Ал арада көргөзмө убактылуу токтотулуп, териштирүү үчүн комиссия түзүлмөй болду.

Коомдо ызы-чуу салган көргөзмө социалдык тармактын колдонуучуларын экиге бөлдү. Аны сындаган  айымдар дагы болду.

Журналист Назира Бегим соцтармакка ушундай ыпластыкка ким жол берди деп суроо салган. «Г. Айтиев музейине кайсы көк мээ, маңкурт жол берди ушундай ыпластыкка?! Отунбаева, «Азаттык» ушул абалды курчутуп, маңкурт саясат даңазаландар жооп бериш керек!», — деп жазган ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова «Эркектерибиздин көбү ушак менен күн көрүп атса кантмек элек? Манастын тукумдарыбыз деп манчыркап коюшат дагы. Жоо келсе да катындар алдыга чыгат окшоп калды», — дейт.
Режиссер Ырыс Окенова «Кыргыздын кутун качырып, ынтымагын кетирип... Баарын ыдыраталы деген сырткы күчтөр музейге ич кийим илишти. Жазасын алышы керек», — деген ойдо.

«Оймок арт» студиясынын жетекчиси Айжан Акылбекова «Ошол көргөзмөгө баргандар, ошол жерден кандайдыр бир нааразычылык көргөзүштүбү жок дегенде? Же унчукпай эле көрүп жүрүштү беле?» дейт ал.

Мурунку депутат Надира Нарматова көргөзмөгө мурдакы президен Роза Отунбаева аралаштырып, ага кайрылган.

«Роза Отунбаева башында турган, «Азаттык», бейөкмөт жана эл аралык уюмдар Кыргызстандан колуңду тарт! Роза Отунбаева Кыргыз элинин эсебинен түбөлүктүү коргоого алынып, 80миң пенсия алып жашап жатып, кыргыздын улуттук баалуулуктарына кол салып, чет мамлекеттин ырын ырдап ызы чуу салган максатыңдан кайткын! Сулуу чымчык болуп, уюштуруп коюп, уялбай чет өлкөлүк кызматташтарың менен ролик жасап, кыргыздын менталитетин талкалоону көздөгөн багытыңдан уялгын», — деп жазган ал.

Феминале көргөзмөсүнүн уюштуруучусу Алтын Капалова «Биздин көргөзмөнү, мени өзүмдү тилдеп жазгандарга чын жүрөгүмдөн алкыш айтам. Сиздердин посторуңуздарды окуп алып, абдан көп адам көргөнү келип жатат. Көргөзмө көптөгөн маселелерди көтөрөт. Биз ал көйгөйлөрдү талкуулашыбыз керек. Ар бир каалаган адамга экскурсия өткөрүп беребиз. Феминалеге кош келиңиздер», -деп жазган соцтармакка.

Эң көп окулган жаңылыктар