Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарына 141 жыл толду. Шаар күнүнө карата бүгүн ар кандай иш-чаралар уюштурулат.
Шаар күнүн утурлай кечээ Бишкектин борборунда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.
Эски аянтта жаныбарлардын оргиналдуу скульптуралары орнотулду. Шаардыктар жана меймандар бул жайдан эстеликке сүрөткө түшө алышат.
Көргөзмө-жарманке эки күнгө созулат.
Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында майрамга карата концерт өтөт. Ага чет өлкөлүк эстрада чеберлери — орусиялык ырчы Согдиана жана өзбекстандык «Ялла» тобу катышат. Аларды жергиликтүү өнөрпоздор — «Инсан», «Элес» топтору, Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана оркестр коштойт. Майрамдын аягында алты мүнөткө созулган фейерверк атылат.
Бүгүн саат 16:00дөн кийин «Ала-Тоо» аянтында Чүй саябаны Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.