22:32
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгы. Кыргызстанда виртуалдык көргөзмө ачылды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги
Фото Санариптик өнүктүрүү министрлиги. Бакен Кыдыкеева

Архив кызматы СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына карата виртуалдык көргөзмөсүн баштады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Көргөзмө Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин аудиовизуалдык документтеринен (101 документ), мамлекеттик архивде сакталган Бакен Кыдыкееванын өздүк фондундагы(129 документ), ошондой эле актрисанын үй-бүлөлүк фондундагы (8) документтерден даярдалды.

Алты бөлүмдөн турган виртуалдык көргөзмө менен бул жактан таанышсаңыз болот: kydykeeva.archive.kg.

Эскерте кетсек, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын маданият министрлеринин, ошондой эле Түркиянын Бурса шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрүнүн биргелешкен жыйынында 2023-жылы Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын белгилөө чечими кабыл алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар