10:24
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте «Китеп искусствосу!» аттуу көргөзмө-жарманкеси уюштурулду

Бүгүн борбор калаадагы Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдардын жана жаштардын китепканасында «Китеп искусствосу!» аттуу көргөзмө-жарманкеси өттү. 

Бул күнү Бишкектин 12 мектебинин окуучулары китепканага келип, түрдүү тилде жарык көргөн китептер менен жакындан тааныша алды. 

Балдар маалымат өнүктүрүү борборуна келип, анда кол өнөрчүлүк менен алектеништи. Эркек балдар сүрөт тартып, пластилинден түрдүү боюмдарды жасашты. Ал эми кыздар топчу кадап, жипке шуру тизишти. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума