09:35
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу өчөт

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн, 26-июнда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-июнда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өнөр жай объектилеринде суу берүү токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

Коперник көчөсү — Поваринская көчөсү — Тыналиев көчөсү — Ахунбаев көчөсү — Садырбаев көчөсү.

Маалыматта белгиленгендей, убактылуу чектөө Коперник көчөсүндөгү диаметри 200 мм болгон суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар