21:35
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Көзү азиз жүргүнчүлөрдү ташуудан баш тарткан таксинин айдоочусуна чектөө коюлду

Көзү азиз жүргүнчүлөрдү ташуудан баш тарткан таксинин айдоочусу мындан ары заказ ала албайт. Бул тууралуу «Яндекс.Такси» компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага сервиске кирүүгө чектөө коюлду.

«Биздин өзүбуздүн айдоочуларыбыз жок, андыктан таксопарк-өнөктөштөр менен иштешебиз. Биздин колдоо кызматыбыз ыкчам түрдө маселени чечти. Айдоочунун кылгандары жарабайт. Ага сервиске кирип «Яндекс.Таксинин» заказын алууга чектөө салынды», — деп айтышты фирмадан.

Эске салсак, Бишкекте «Яндекс.Таксинин» өнөктөшүнүн айдоочусу көзү азиз кишилерди ташуудан баш тарткан. Ал чакыруу болгон жерге барып, жүргүнчүлөрдүн азиз экенин көргөн соң колундагы таяктары менен унааны чийип саласыңар деген шылтоо айтып, отургузбай кетип калган.

Эң көп окулган жаңылыктар