09:49
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов кармалды

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Фарид Ниязов УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча кармалды.

«Бул иш боюнча өзүм күбө катары өтүп жатам. Сурак маалында атайын кызматтын жоокерлерин эч ким барымтага алган жок, тескерисинче аларды жаалданып турган топтон сактап калдык деп айттым. Фарид Ниязовго азырынча баш коргоо чарасын тандаша элек. Ишти ИИМдин тергөө башкармалыгы алып барууда», -деди Кундуз Жолдубаева.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

Кечээ саат 21:00дө мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармап УКМКнын имаратына сурак берүүгө алып келишкен. Анын жанында жактоочусу Сергей Слесарев бар. Азырынча саясатчыга кандай айыптар тагылаары белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар