05:56
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түп районунда жол кырсык катталып, эки киши оор жаракат алды

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда жол кырсык катталып, эки киши оор жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «ВАЗ» жана «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, кесепетинен 3 киши жаракат алган. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан, ооруканага жеткирилип жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.



Эң көп окулган жаңылыктар