17:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Озерное айылындагы өрт кырсыгында бир киши каза болду

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Озерное айылында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, турак үйдүн темир чатыры күйгөн. Анын кесепетинен бир киши каза болду. Ошондой эле үйдүн жанындагы таштанды жана музоо өрттөнүп кетти.

Кырсыктын келип чыгышына электр жабдыктарын туура эмес колдонуу себеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар