27-28-ноябрь күндөрү Бишкек менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү жабылып, жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келет, эртеси Кыргызстандын төрагалыгы менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт.
-
Чектөө киргизиле турган жолдор
- "Манас" аэропортунан Жибек Жолу проспектисине чейинки Фучик көчөсү;
- Жибек Жолу проспектисинен Манас проспектисине чейин;
- Фучиктен Манас проспектисине чейинки Чүй проспектиси;
- Чүй проспектиси Манас проспектисине чейин;
- Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки Чүй проспектиси;
- Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейинки Абдрахманов көчөсү;
- Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери резиденцияга чейин.