Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча конушунда үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 1972-жылы туулган В.Н. аттуу аялдын бети жана колу-буту күйүп калган. Ал №4 борбордук ооруканага жеткирилди.
«Өрттөн 65 чарчы метр үйдүн чатыры жана эмеректер күйгөн. Учурда кырсыктын себеби такталууда», - деп айтылат маалыматта.