09:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте айдоочу жеткинчек баланы сүзүп кетти

Бишкекте «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жеткинчек баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди. 

Маалыматка караганда, бала жөө жүргүнчүлөр өтө турган жерден өтүп бара жатканда унаанын айдоочу жол бербей сүзүп алган.

«Бала ордунан туруп чуркайын деди, ал эми айдоочу окуя болгон жерден кетип калууга аракет кылган. Бирок аны токтотуп калышты», -деп билдиришти редакцияга.

Окуя кечээ Горький көчөсүндө катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар