12:18
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Токмокто жол кырсыгы катталып, айдоочу жаракат алды

Бүгүн Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, айдоочу жеңил жаракат алды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү унаа менен «Мазда 323» унаасы сүзүшкөн. Кесепетинен экинчи унаанын айдоочусу жаракат алып, амбулатордук жардам алды.

Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар