04:33
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ата мекендик товарлар дүйнөдөгү 87 өлкөгө экспорттолууда

Ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экспортунун көлөмү 1 миллиард 356, 5 млиллион доллларды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда ата мекендик товарлар дүйнөдөгү 87 өлкөгө экспорттолууда.

Негизинен булар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги, Европа биримдиги, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө-өлкөлөр сындуу биримдиктер боюнча өнөктөш-өлкөлөр.

Кыргызстан товардык номенклатуралардын 100дөн ашык тобун экспорттойт. Негизинен айыл чарба продукциялары экспорттолот. Быйылкы 9 айда 51,2 миллион долларга 91 миң 750 тонна жашылча экспорттолгон.

9 айда ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 миллиард долларга жетти, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда бир аз төмөн.

Эң көп окулган жаңылыктар