17:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Аравандагы завод Россияга мраморду экспорттой баштады

Ош облусунун Араван районундагы завод Россияга мрамор ташын экспорттоодо. Бул тууралуу облустук администрациядан маалымдашты.

Завод апрель айынан тарта иштеп келет. Анын курулушуна 35 миллион сом жумшалган.

«Ал жерде бир нөөмөттө 16 кишиден 2 нөөмөт иштешет. Алар чыгарган продукция — мрамор ташы Россия менен Казакстанга экспорттолот», — деп айтылат маалыматта.

Ишкерлер ишкананын кубаттуулугун арттырууну көздөшүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума