17:15
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Былтыр импорт 13 пайызга, экспорт 11 пайызга өскөн

Кыргызстандын ШКУга кирген өлкөлөр менен товар жүгүртүү көлөмү өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 71 пайызын түзөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «ШКУ: Кызматташтыктын чегин кеңейтүү» бизнес-форумунун жүрүшүндө билдирди.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, Кыргызстан үчүн ШКУ мүчө-өлкөлөрү менен кызматташуу — бул ириде, туруктуу экономика, ийгиликтүү ишмердүүлүк жана инвестициялар, транспорттук инфратүзүмдү жана энергетиканы модернизациялоо, туризм жана заманбап маалыматтык технологиялар.

«2018-жылы биздин өлкөнүн товар жүгүртүүсү 6,7 миллиард АКШ долларын түзгөн. Ошол эле учурда ШКУ өлкөлөрү менен — 4,7 миллиард АКШ долларын түзгөн, бул товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 71 пайызы. Ал эми импорт 13 пайыз, экспорт 11 пайызга өскөн», -деди өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума