15:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Айэркен Саймаитинин Жогорку Кеңештин депутаты менен түшкөн сүрөтү жарыяланды

Айэркен Саймаитинин Жогорку Кеңештин депутаты менен түшкөн сүрөтү жарыяланды.

Социалдык тармакка жүктөлгөн маалыматта сүрөттө Стамбул шаарында өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаити Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен Ош шаарында олтурганы айтылат.

Буга чейин Ширин Айтматова Айэркен Саймаити менен Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков байланышта болгонун маалымдашкан.

Эске салсак, Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби