Кочкор-Ата шаарындагы балдар психоневрологиялык ооруканасында бейтаптар таңкы саат 5тен баштап кезек күтүшөт. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучусу Данияр Дурусбеков жазды.
«21-кылым, санариптештирүү жылы. Таңкы саат 4:45тен баштап кезек күтмөй. Бетондо сызда 3-4 саат күтүп олтурган аялдарды көрүп, аялдар колониясы деп ойлойт экенсин. Ооруп келгендер кайра суукта чала жан болуп кетет экен, отурганга орун жок. Сыртта унаада жылынып кезек күткөндөр андан көп», — деп жазылат маалыматта.
Автор Саламаттык сактоо министрлигине жеткирип койгулачы, шарт түзүп койсун деп кошумчалаган.