02:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Саймаитинин өлүмү. Эркин Сопоков Түркиядан чыгып кеткен жок

Стамбулдагы мурунку башкы консул Эркин Сопоков Түркиядан чыгып кеткен жок. Маалыматты 24.kg агенттигине ТИМдин консулдук кызмат департаментинин башчысы Алмаз Имангазиев тастыктады.

Соцтармакта Сопоков кызматтан алынгандан кийин качып кетти деген билдирүү тараган. Ошондой эле ага карата кылмыш иши козголот деген маалымат айтылууда.

Департаменттин башчысынын айтымында, Сопоковго карата кылмыш иши козголгону тууралуу кабары жок. «ТИМдин демилгеси боюнча ведомство аралык жумушчу тобу түзүлүп, анын курамына Башкы прокуратура, УКМК жана ТИМдин өкүлдөрү кирди. Алар Стамбулга учуп барып, мурунку башкы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшеришет. Сопоков Стамбулда экенин гана билем», — деди Алмаз Имнагазиев.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов Эркин Сопоков жакында Бишкекке келгенин айткан. Юрист ишкер Айеркен Саймаити каза болгон аймакта табылган унаа өзүнө таандык экенин билдирди. Ал Түркиядан сатып жиберүү үчүн Сопоковго каттатып койгонун жазган.

Эске салсак, Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар