22:42
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Романовка айылында унаа коюп кеткен киши каза болду

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Романовка айылында унаа коюп кеткен киши каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 13-ноябрда болгон.

Маалыматка караганда, мас абалында унаа башкарып бараткан айдоочу 40 жаштагы кишини коюп кеткен. Айдоочу жабыркаган кишини ооруканага жеткирип, бирок ал каза болгонун билгенден кийин изин жашырып кеткен.

Дарыгерлер каза болгон киши тууралуу милицияга кабар беришкен. Тартип сакчылары аталган окуянын күнөөкөрү 23 жаштагы шектүүнү колго түшүрдү. Ал Сокулук районундагы Биринчи Май айылынын тургуну болуп чыкты.

Тергөө жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар