05:49
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өкмөт башчы Тарых музейинин качан ачыларын билбейт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, Тарых музейинин ачылыш датасын айта алган жок. 

Өкмөт башчы музейдин кызматкерлери иштеп жатканын, баары өз ордунда экенин белгиледи. Бирок азыркы тапта териштирүүлөр жүрүп жаткандыктан, салтанаттуу түрдө лента кесүү тууралуу кеп кылуу эрте.

Эске салсак, музейдин имаратын кабылына келтирүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражат мыйзамсыз түрдө пайдаланылган деген айып менен кылмыш иши козголгон. Белгилей кетсек, музейди оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилген.

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар