18:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Тарых музейин оңдоо. Айыпталуучуларды колдоо митинги өтүүдө

Бишкек шаарында Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанында президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Мира Карыбаеваны колдоо митинги өтүп жатат.

Митингге жалпы 20га жакын адам келип, Мира Карыбаевны тарых музейин оңдоо боюнча кылмыш ишинен акталып чыгуусун суранышууда.


Белгилей кетсек, мамлекеттик айыптоочу экс-премьер министрди жем корлукка күнөөлүү деп эсептешип, Сапар Исаковго 247 миллион сомдон ашуун айып салууну туура көрүшөт.

Мамлекеттик айыптоо Мира Карыбаева үчүн 260 миң сом айып пул салуусун суранды. Алар аны мыйзам бузгандыгы үчүн жоопко тартылуусун талап кылышат.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, Тарых музейин оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилген.

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген.

Мамлекеттик айыптоочу Сапар Исаковду «Жемкорлук» айыбы менен 319-берене боюнча 20 жылга

эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялап, 247 миллион сом айып салууну суранды.

Дагы бир айыпталуучу Мира Карыбаеваны «Кызматтык абалына кыянаттык» беренеси менен айыптап, 260 миң сом айып салуу сунушталды.

Эң көп окулган жаңылыктар