18:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишкердик аныкталды

Бишкекте чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишкердик аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жаран Чехияда фирманын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн айынан документсиз жана медициналык камсыздандыруусуз калган. Ал Pro Style ЖЧКга Европа өлкөлөрүнө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн 1 миң доллар төлөгөн. Арыз ээси Чехияга келгенде аны иш оруну менен камсыздап, керектүү документтерди бериши керек болчу. Бирок, Европага келгенде ал баарынан кур жалак калган.

«Pro Style ЖЧК Миграция кызматынын маалыматтык-кеңеш берүү борборунун мыйзамдуу жөнөтүүчүлөр реестринде катталбаганы аныкталды. Компания Кыргызстандык жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу укугуна уруксат алган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар