23:08
USD 87.45
EUR 101.36
RUB 1.07

Бишкек — Ош жолунда унаа оодарылып, бир аял жабыркады

Бишкек — Ош жолунда унаа оодарылып, бир аял жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, «Хонда-Степвагон» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кесепетинен 1957-жылу туулган аял жабыркады. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кырсык кечээ болжол менен саат 16:05те катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар