20:27
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстанда жарым жылда 2024-жылга караганда дээрлик эки эсе көп сел жүрдү

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 240тан ашык сел агымы катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.

Анын айтымында, селдин саны 133 учур катталган 2024-жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик эки эсеге көптүк кылды. Бул жолку сел агымдарынын кесепетинен эки адам каза болду. Бирок адам өлүмү бир топко азайган, алсак, 2024-жылы табият кырсыгынан 25 адам өмүрүнөн айрылган. Аткаминердин айтымында, бул мамлекет тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасы.

Эң татаал кырдаал Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында байкалууда. Селдер инфраструктурага, эң башкысы — аймактардын экономикасына олуттуу зыян келтирүүдө.

ӨКМ сел агымдарынын көбөйүшүн климаттын өзгөрүшү менен байланыштырып, коргонуу чараларын күчөтүүдө. Өлкөдө тобокелдиктерди азайтуу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жаткан 22 тилке тандалып алынган. Көрүлгөн чаралардын арасында дарыялардын жээктерин бекемдөө, коргоочу курулуштарды куруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды алдын ала эскертүү жана прогноздоо системасын түзүү бар.

«Сел агымдарын толугу менен жок кылуу мүмкүн эмес, бирок алардын калк үчүн кесепеттерин олуттуу түрдө азайтса болот», — деп белгиледи Акылбек Мазарипов.

Ал ошондой эле тургундарды кооптуу аймактарга үй салбоого жана куткаруучулардын эскертүүлөрүнө кунт коюп мамиле кылууга чакырды.

«Ар бир адамдын коопсуздугу — бул анын өзүнүн да жоопкерчилиги. Дарыянын нугуна жакын жерге үй салуудан мурун, бир күнү ал жерден сел өтүшү мүмкүн экенин түшүнүү керек. Ал эми эс алуу учурунда аба ырайынын божомолуна көз салып, сак болуу зарыл», — деп билдирди Акылбек Мазарипов.

Министрдин биринчи орун басары турак жайды табигый кырсыктардан камсыздандыруу маселесин да өзүнчө эске салды. Эгерде бир нече жыл мурун үйлөрдүн 6-7 пайызы гана камсыздандырылган болсо, азыр бул көрсөткүч болжол менен 30 пайызга чейин өстү. Ведомствонун пикиринде, камсыздандыруу үй-бүлөлөргө өзгөчө кырдаалдардан кийин тезирээк бутуна туруп кетүүгө жардам берет.

Эң көп окулган жаңылыктар