15:59
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

ЖЭБ боюнча сотто УКМКнын тергөөчүсүн суракка алууну суранышты

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө. 

Айыпталуучуларды суракка алуудан мурда жактоочу Сергей Манукян («Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башкы директорунун жактоочусу) УКМКнын тергөө бөлүмүнүн башчысын жана тергөөчүсүн чакыруу тууралуу өтүнүчтү билдирди. Юристтин айтымында, алар чыгаша эсебинин коэффициентти кандай негизде алмашканын айтып беришет.

Сергей Манукян аталган коэффициенттерди туура эмес колдонулган деди. Аларды Мамлекеттик курулуш агенттигинин экспертизасын жүргүзбөй өзгөртүшкөн.

Жактоочулардын баары кесиптешинин өтүнүчүн колдошту. Мамлекеттик айыптоочу аларды кызыкдар экенин айтып, каршы чыкты.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар