Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан аскер кызматкери каза тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы штабдан билдиришти.
Кырсык бүгүн түшкө маал болгон.
«Алдын ала маалыматка ылайык, аскер кызматкери жеке унаасы менен бара жатып, башка унаа менен кагылышуудан качып каршы тилкеге чыга калган. Ал дагы бир аскер кызматкери отурган унааны сүзүп алган. Кесепетинен экинчи унаадагы аскер кызматкери каза таап, экинчиси ооруканага түштү», — деп билдиришти редакцияга.