14:05
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутат: Жогорку соттун төрагасынын туугандарынын кылмыш ишине катыштыгы бар

Жогорку соттун төрагасы Гүлбара Калиеванын туугандарынын кылмыш ишине катыштыгы бар. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын отурумунда депутат Алтынбек Жунус уулу билдирди.

Анын айтымында, Гүлбара Калиева фракциянын отурумуна келбей сыйлабагандай түр көрсөттү.

«Гүлбара Калиеванын күйөөсү менен бир тууганы кылмыш ишине катыштыгы бар делген маалымат соцтармактарга тараган. Мен расмий органдарга бул кылмыш иштин абалы тууралуу суроо менен кайрылганга аргасызмын. Бүгүн Жогорку соттун башчысы отурумга келген жок. Ага бир топ суроолор берилмек. Мисалы, эмне үчүн соттор экономикалык кылмыш иштерин карап жатып кишиге реалдуу мөөнөт берип жатышат. Учурда калк адилеттүүлүккө ишенбей калды», -деди Алтынбек Жунус уулу.

Эң көп окулган жаңылыктар