08:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 313 бейтап кайрылган

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 313 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 248и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 103ү ооруканага жаткырылган, алардын 93ү жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 87 адам кайрылса, 53ү ооруканага жаткырылып, 34 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 51 адам кайрылган, алардын 16сы ооруканага жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар