Чүй облусунда Казакстандын аймагынан түтүк менен мыйзамсыз түрдө күйүүчү май сордуруп жүргөн адамдар аныкталды.Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.
Андан алынган маалыматка ылайык, Кең-Булуң айылынан аймагында үч чакырымдык түтүк аркылуу коңшу өлкөдөн бензинди алып өтүп жүргөн.
Бул факт боюнча териштирүү башталып, келтирилген чыгым эсептелип жатат.