03:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Орусия Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды салыксыз жеткирүүнү көбөйттү

Орусия Кыргызстан үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарга салыксыз квотаны былтыркы жылдын деңгээлине чейин көбөйттү. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык бензиндин көлөмү 650 миң тоннага чейин жана дизелдики 550 миң тоннага чейин көбөйтүлөт.

«Мунай продуктуларынын негизги көлөмү Россия Федерациясынан импорттолот. Орусия Кыргыз станга күйүүчү-майлоочу материалдардын үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыздоодо», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшматов былтыр Кыргызстан 650 миң тонна бензин, 550 миң тонна дизель майын алым төлөбөй сатып алганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар