14:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Уфада өзбек жараны тажикстандык окуучу кызды зордуктоого шектелүүдө

Башкырстандын борбору Уфада өзбекстандык өспүрүм кыз эки жыл бою тажик жараны тарабынан күч менен зордукталып жүргөнү тууралуу видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу «Вести-Башкортостан» телеканалы маалымдады.

«Ал мени 2017-жылы ичирип туруп, зордуктап салган. Мен 12, ал 43 жашта болчу. Бул эки жыл бою уланды. Ал мени коркутуп койгондуктан, эч кимге айта алган жокмун. Апамдын документтери жайында эмес болчу. Көрсө ал ага жасалма документ жасап бериптир. Ал эгер кимдир бирөөгө үн катсам, апам депортацияланарын, сиңдилерим мектептен чыгарыларын айткан. Мен кичинекей болчумун, эч нерсе түшүнгөн эмесин. Мен коркком жана үй-бүлөм үчүн чыдагам», — деген ал.

Кыздын зордукталганын биринчи сиңдиси угуп, апасына айткан. Ал болсо полицияга кайрылган. Бул окуядан кийин жабыр тарткан мектеп окуучусу жана анын сиңдилери социалдык жайга, алардын апасы чет өлкөлүктөр убактылуу кармалып турчу борборго жеткирилди.

Жабырлануучу кыз апасы менен 20 күндөн бери көрүшө электигин, ишти кароону үч айга жылдырып коюшканын кошумчалаган.

Орусия Тергөө комитетинин Башкырстан боюнча башкармалыгы зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Тергөө жүрүүдө. Шектүүнү камака алуу үчүн бөгөт чарасы каралууда.

Ошол эле маалда сот кыздардын апасын миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Орусиядан депортациялоо боюнча чечим чыгарды.

Эң көп окулган жаңылыктар