18:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президенттин иш сапары. Сооронбай Жээнбеков «Аселим» тигүү цехин кыдырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Тектир айылындагы «Аселим» тигүүчү цехтин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына учурда ишканада 90 адам иштеп, өндүрүлгөн продукция Россияга экспортко кетип жатканы боюнча маалымат беришти.

Өндүрүш линиясын кеңейтүү максатында жаңы объектини куруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер тилкесин бөлүп беришти, ошондой эле жеңилдетилген насыяны бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Президент аймактарда ишкердикти өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүү мындан ары дагы тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп кала берерине ишендирди.

Ошондой эле ал Токтогул районунун бал азыктарынын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен болгон баарлашуусунда ал ата мекендик продукция өзүнүн сапаты жана экологиялык тазалыгы менен чет өлкөлүк рыноктордо атаандаштык түзө алат деп баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар