11:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. 17-18-октябрда мамлекет башчысы Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Токтогул районуна жана Кара-Көл шаарына болгон иш сапарынын алкагында президент экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат. Ошондой эле Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушат.

Ал Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин биринчи фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышат.

Эң көп окулган жаңылыктар