USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

15:45, 11 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындагы түнкү эс алуу борборунда 23 жаштагы жигитти миздүү буюм менен желкесине сайып, из жашырган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИББдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кармалган жаран «Казак» каймана аты менен таанымал УКТ мүчөсү болуп чыкты.

«Түнкү эс алуу клубунда 23 жаштагы Оштун тургуну менен шектүү арасында пикир келишпестик орун алган. Шектүү миздүү нерсе менен жабырлануучунун желкесине жана оң каруусуна сайып жиберген. Кийин окуя болгон жерден качып кеткен», -деп айтылат маалыматта.

Шектүү кечээ кармалган, бирок сурак маалында ал өзүн начар сезгендигине байланыштуу жактоочусу «тез жардам» чакыртып, шаардагы ооруканалардын бирине жаткырышты. Учурда ал милициянын кайтаруусунда турат.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика