Бишкекте Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү -Исанов көчөсү менен Манас проспектисинин ортосундагы аралык жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган аймакта «Кайнар» ЖАК жылуулук түйүнүн төшөп жатат. Иштер 24-октябрга чейин уланат.
Эске салсак, учурда Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү- Исанов көчөсү менен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралык жабык.