Чыгыштын эң күчтүү өнөрлөрүнүн бири тайцзи тууралуу инструктор Ширин Исакова 24.kg агенттигине 4 маанилүү учурларын айтып берди.
Ширин Исакова тайцзини мектептерге киргизүү демилгесин да көтөрүүдө.
Белгилей кетсек, бул өнөрдү Кыргызстанга Макен Исаков алып келген. Ал тайцзиден сырткары, цигун жана йоганы биздин өлкөдө биринчи жайылтуучу болуп саналат. Өзү Кытайда Чэнь стилин окуп келген.
Тайцзи — чыгыштын эң күчтүү өнөрү
Тайцзи — гимнастика, комплекстүү көнүгүү. Бул чыгыш өнөрлөрүнүн эң күчтүү стилдерине кирет. Биз колдонуп жүргөн Ян стилинин 24-формасы. Бул дүйнө жүзүнө кеңири таралган стиль десем болот. Медитациянын статикалык жана динамикалык түрү бар, Тайцзи анын динамикалык түрүнө кирип кетет.
7 мүнөттө 7 чакырым чуркагандай көнүгүү жасаса болот
Сергек жашоо образын карманып, жанды кыйнабай өзүнүн үстүнөн иштей турган, ден соолукту профилактика кыла турган сонун искусство. Анткени күшүлдөп 2 чакырым жерди жүгүрүп келгенче, бир чакан бөлмөдө туруп алып, гимнастиканын комплексин аткарып койсо, (канчалык көп кайталаса, пайдасы ошончолук көп) алда канча пайдалуу.Тайцзинин 24-формасы -өзү агылып жасалганда 7 мүнөттө жасала турган комплекс. Бул психо-физикалык көнүгүүлөр. Анткени, энергобаланс жакшыргандыктан, кандын айлануусуна оң таасирин берет, клеткалар азыктанып, мээге, өпкөгө кычкылтек барат, акыры организм чыңдала баштайт.
Мээни эс алдырууну эңсегендер үчүн
Адам психологиясына жардамы чоң. Себеби, булар өтө агылып жай жасалгандыктан, адам бара-бара ички тынчтыкка келе баштайт. Муну медитативдүү абал деп коет. Бакыт деген эмне? Биз аны сырттан издеп, бирөөдөн күтүп жүрө беребиз. Бакыт- бул жан дүйнөнүн тынчтыгы. Качан сиздин жан дүйнөңүздө тынчтык орноп, ички-сырткы дүйнөңүз гармонияга келип турганы — бул нагыз бакыт.
Көнүгүүлөрдүн баары агылып жасалгандыктан, адамдарды сабырдуулукка алып барат. Спорт болобу же тайцзи, цигун искусствосу болобу, кыймыл болгондуктан буга биз олуттуу мамиле жасашыбыз керек. Үйдөгү кыймыл-аракет же көчөдө көп басып кыймылдап кечке иш менен алектенген -бул экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Анткени, үйдө иш жасап жатканда, өзүбүздү унутуп оюбуздун баары ошол иште же сыртта болот. Качан тайцзи, цигун же йога менен алектенгенде, бүт оюбузду, дитибизди өзүбүздүн ички сезимдерибизге, туюмдарыбызга коюп машыгабыз.
6 жаштан 80 жашка чейинкилер машыга алат
— Негизи 6 жаштан 80 жашка чейинки каалоочулар келсе болот. Менин кол алдымда 76, 63 жаштагы айымдар келип машыгып жүрүштү. Мында адамдардын шыгын ачканга, ден соолугун чыңдаганга жардамы чоң. Тартынчаактык, уялчаактык сапаттардан арылат. Өзүнө болгон ишеним күчөйт.