04:05
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

РБК: Орусиялыктар былтыр четке рекорддук сумманы которушкан

РБК басылмасы 2022-жылы орусиялыктар коңшу өлкөлөргө рекорддук көлөмдөгү акча которушканын жазды. Басылма Казакстан, Грузия, Өзбекстан, Армения жана Кыргызстанга акча которуулардын статистикасын изилдеген.

Ага ылайык, орусиялыктар былтыр Казакстанга 775 миллион доллардан ашык акча жөнөткөн. Бул 2014-жылдан берки рекорд. Казакстандын Улуттук банкынын статистикалык маалыматтары ушул мезгилден тартып ачык жана жеткиликтүү. Бул көрсөткүч 2021-жылы жөнөтүлгөн каражаттын көлөмүнөн дээрлик жети эсе көп.

Грузияга 2 миллиард доллар которулган, бул 2012-жылдан берки рекорд болгон. Салыштырып караганда 2021-жылы бул багыт боюнча Орусиядан Грузияга 411 миллион доллар жөнөтүлгөн.

Өзбекстанга которулган каражаттын суммасы 14,5 млрд. долларды түзөт. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп.

Армения менен Кыргызстан 2022-жылга карата статистикасын жарыялай элек. 11 айдын жыйынтыгы боюнча Арменияга которуулардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эсеге өсүп, 3 миллиард доллардан ашкан. Ноябрдагы статистикага ылайык, Орусиядан Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу гана 2,6 млрд. доллар акча жөнөтүлгөн. Бул 2005-жылдан берки рекорд. Ошол эле учурда бул көрсөткүч былтыркыдан 6 пайызга гана жогору.

РБКнын маектештери акча которуулардын өсүшүнүн негизги себептеринин бири Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун жана андан кийинки мобилизациянын фонунда орусиялыктардын башка өлкөлөргө көчүп кетиши болгонун айтышкан.

«ФСБнын акыркы маалыматында, июлдан сентябрга чейин дээрлик 10 миллион орус жараны чет өлкөгө чыгып кеткен, бул былтыркыдан 1 миллионго көп. Биринчи кезекте орустар визасыз өлкөлөргө барды. Казакстан, Армения, Кыргызстан, Тажикстанга сапарлардын саны беш жылдык рекорд койду», — деп белгиленген маалыматта.

Коңшу мамлекеттер карта туризми үчүн ыңгайлуу жана популярдуу болууда. Санкциялар киргизилгенден кийин эл аралык төлөм системалары орус рыногун таштап, орусиялыктар эл аралык банк карталарын чыгаруу үчүн башка өлкөлөргө чыгышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар