10:51
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эдил Байсалов: Курманбек Бакиевдин дагы өзүн коргоо укугу бар

Мурдакы президент Курманбек Бакиевдин дагы өзүн коргоо укугу бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал депутат Эльвира Сурабалдиева менен Эрулан Кокуловдун Курманбек Бакиевдин актоо аракетин көрүлүп жатканы боюнча билдирүүсүнө жооп берди.

Эдил Байсалов журналист кимден кааласа интервью ала аларын айтат.

«Биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар. Журналист кимден кааласа интервью алат. Анүстүнө коомдо кызыгуу бар болсо. Курманбек Бакиев жаран катары өзүн коргоо укугу бар», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар