17:26
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Лира Севен: Сырткы келбетиме караганда, ички дүйнөм бай жана сулуу

Жакында эле кыргыз клиптеринин катарына заманбап стилде тартылган, өзгөчө клип кошулду. «Фантазиялоо» (Fantasize) аталышындагы ырды эпатаждуу ырчылардын бири Лира Севен аткарган. Буга чейин анын аткаруусундагы кыргыз тилиндеги автордук «Жашоо керемет», «Эркетаймын», «Кыргыз жигит», «Энекем» аттуу жана ошондой эле англис тилиндеги ырлар көпчүлүктүк эсинде.

Ырчы айым акыркы жылдары чет өлкөлөрдө жашап, ыр жана бий өнөрүн улантууда. Ал сахнадагы каймана атынын тарыхынан баштап, чыгармачылыгы, кол өнөрчүлүгү, сынга көп кабылган имиджи тууралуу 24.kg агенттигине баяндап берди.

— Каймана атыңыздын кыскача таржымалын айтып бербейсизби?

— Менин жетинчи атам Ысык-Көлдөн чыккан 7 акенин бири Карга аке, мындайча айтканда анын 7 — урпагы болом. Жети-Өгүз районунан болгондуктан жана жети деген сан жашоомдо көп кездешкендиктен Севен деп атап койгонбуз. Көпчүлүк мени ушул каймана ат менен таанышат.
Лира Севендин жеке архивинен алынды
Фото Лира Севендин жеке архивинен алынды
— Жакында эле Тайланддан клип тарттырып келиптирсиз, ал жакта иштейсизби?

— Тайландга бир тууган сиңдимдин чыгармачылыгы боюнча барууга туура келди, ал кыл кыякта мыкты ойнойт. Мындан улам сиңдиме продюсерлик кылып, биротоло эс алып келейин дегем. Ага чейин Түркияда 6 жылдык келишим менен иштеп жүргөм. Бирок, пландарыбыз өзгөрүп, Тайландда иштеп калдык. Тактап айтканда дүйнөнүн менмин деген атактуу ди-джейлери менен бир сахнада ырдап, бийлеп, бош убакта унааларды ижарага берип эмгектендик. Барганга жараша өзгөчө стилдеги заманбап клип тарттырып, жакында эле элге сунуштадым. Ырдын обону өзүмө таандык.

— Сиңдиңизге продюсер экенсиз, сиздин өзүңүздүн продюсериңиз барбы?

— Жок, ушул күнгө чейин өз арабамды өзүм тартып келем. Мага колдоо берген эч ким болгон эмес, өзүмдү-өзүм каржылайм. Кээде ата-энеме дагы демөөрчүлүк кылып калам.

— Ата-энеңиз дагы чыгармачыл чөйрөдөн деп калдыңыз?

— Атам Догдурбай Урмамбетов Кыргызстанда белгилүү композитор, виртуоз — аккордеончу. Апам дагы убагында «Каркыра» бий ансамблинде эмгектенген. Чыгармачыл үй-бүлөнүн кызы болгонума карабай, ата-энем алгач менин ырчылык кесибиме каршы болуп «Чыгармачылык-бул чытырман токой, андан суурулуп чыгышың керек» деп жүрүштү. Бирок, менин аракетим жана өжөрлүгүм ушул деңгээлге жеткирди.
Лира Севендин жеке архивинен алынды
Фото Лира Севендин жеке архивинен алынды
— Орундуу жана орунсуз айтылган сынга кандай карайсыз?

— Сынга азыр жеңил карайм, бышып калдым десем болот. Кээде азыр деле сындырыш үчүн ата-энем аркылуу аракет кылышат, аларга жамандашат дегендей. Албетте, ар бир ата-эненин жүрөгү баласына кайгырат да. Таптакыр эле мени тааныбаган адамдардын арасынан жамандап, ойлобой туруп сүйлөп койгондор болот, ата-энем жумшак мүнөз, ак көңүл кишилер, ичтеринин бушайман боло беришет.

Бирок, мага көп болсо кийген кийимиме, имиджиме гана тийишпесе, өзүмдү-өзүм алып жүргөнүмө, баскан-турганыма эч нерсе дей алышпайт.

Ошондуктан ата-энем мага ишенет. Эки жүздүү болбогонума сүйүнөм, баарын бетке айтам. Кыска шорта кийсем кийдим дейм, аны жашырып жаппайм. Узун, жабык кийим кийип жүрүп деле жаман иштерди жасагандар да бар. Андайларды мен жаман көрөм. Ачык, шайыр, ошол эле маалда таза жүрөм.

Кээде социалдык түйүндөрдөн комментарийлерди окуп калам. Акыркы убактарда окубаш керек экен деп калдым. Анткени ал жакта ар кандай адам отурат, ар кандай пикирлерди жазышы мүмкүн. Мен андайларды төшөктө жатып алып сындагандар деп коём. Бирок, интернет колдонуучулардын көбү мени колдоп, макташат.

— Атаңыз менен дуэтиңиздер барбы?

— Атам менен дуэтибиз жок, бирок сиз айткандан кийин ой пайда болду.

Жалпысынан атамдын ырлары абдан татаал. Негизинен аныкы мекенчилдикке үндөгөн чыгармалар. Рыспай Абдыкадыров жалаң лирикалык ырлардын атасы болсо, менин атам патриоттук ырлардын атасы деп айтсам жаңылышпайм. Учурда анын 300дөн ашуун ыры бар.

Лира Севендин жеке архивинен алынды
Фото Лира Севендин жеке архивинен алынды. Залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыров менен композитор Догдурбай Урманбетов.
— Турмушка чык деп кулагыңыздын кужурун алгандар четтен чыкса керек?

— Кыргыздардын менталитетинде кыз бала эрте турмушка чыгышы керек деген түшүнүк бар. Бирок турмуш курууга шашылбай жаш кезде окуп, билим алып, жер кыдырып саякат кылыш керек деген пикирди колдойм. Учурда бойдокмун, азырынча сүйгөн адамымды жолуктура элекмин. Кезигип калсам дароо макул болмокмун.

Мага ата-энесин сыйлаган, тарбиялуу, оор басырыктуу, сөзүнө турган, спорттук дене түзүлүштөгү жигиттер жагат. Чет жерде жүргөндө деле жигит жандаган жокмун, оюмдун баары жалаң иш болду. Натыйжада маңдай теримдин акыбети кайтып, чет жерден жумушума байланыштуу ыраазычылык каттарын алдым.
Лира Севендин жеке архивинен алынды
Фото Лира Севендин жеке архивинен алынды. Түркиядагы "Рояль Дрегон" 5 жылдыздуу мейманканасынын башкы менеджери "Ыраазычылык кат" берип жаткан учуру
— «Кызга кырк үйдөн тыюу» дешет, сизге да пикир айткан кеңешчилер барбы?

— Мага кырк үйдөн эмес 4 миң үй болуп кетти го. Туугандарым көп, мени жакындан тааныгандар кийимим тууралуу бир да сөз айта алышпайт, анткени бул кыз туура, таза жүрөт деп ички дүйнөмдү жакшы билишет. Мага тааныбагандар деле кеңеш айтып, сүйлөшү мүмкүн, бирок майда нерселерге тирешип отурбайм.

Мисалы, чет жакта кандай кийинип жүрөсүң эч кимдин иши да жок, аларга сенин кандай киши экениң маанилүү. Ички дүйнөң маанилүү.

Мен чет жактан жана өз өлкөбүздөн атайын эксперимент кылып көрдүм: бир жолу узун көйнөк кийип көчөгө чыктым, айланаңдагылар жакшы сүйлөп, ачылып, баардык маалыматтарын айтып бере башташат экен. Коомчулук сулуулуктан коркушат. Жасанып сулууланып да көрдүм. Ал учурда сени тааныбаган бирөө эле ичи күйгөндүктөн жаман көрө баштайт, ал тургай сатып жаткан товарын сага сатууну каалабайт. Орой мамиле жасай башташат. Сулуулукка басым жасагым да коп келбей калды.
Экспременттин жыйынтыгында кептин баары ички дүйнөдө экенине ынандым. Мен өзүмдү сулуу деп сезбейм, ички дүйнөм аябай сулуу. Баарына эле жакшылык кылгым келе берет.

— Сиз интернетке жүктөгөн сүрөттөрүңүз өтө ачык эмеспи? Кийин балдарыңыз көрүп калса кандай болот деп ойлойсуз?


— Менин жайгаштырган сүрөттөрүм жакшынакай эле, жылаңач болуп түшкөн же купальник кийген сүрөттөр жок. Жумурткадан кыр издеген — бул эң жаман сапат. Ушундан арылсак эле жакшы болот, негизи калкыбыз көп кырдуу таланттын ээси, кыйынчылыкка моюн сунбайт.

— Күзгү алдында канча убакыт отурасыз?

— Ар кандай, кээде 5 мүнөт да жетиштүү. Кез-кезде жасанбай деле көчөгө чыгып кетем.

— Сыр болбосо пластикалык операция жасаткансызбы?

— Мен пластикалык операциядан корком, жада калса кашыма татуаж жасаткан да эмесмин. Өзүм боёнуп алам.

— Шөкүлөнү заманбап стилде жасалгалап, дефиле өткөрүп жүрөт экенсиз, кол өнөрчүлүк кимден өткөн?

— Менин чоң атам колунан көөрү төгүлгөн уста киши болгон. Ал ат жабдыктарын кынаптап жасагандыгы үчүн, Советтик этнограф, түрколог Саул Абрамзон өзү келип, аны сүрөткө тартып, китепке киргизген экен.
Лира Севендин жеке архивинен алынды
Фото Лира Севендин жеке архивинен алынды

Кол өнөрчүлүк каныбызда бар, апам тараптан да жалаң тикмечилер көп. Учурда мен жасаган шөкүлөлөрдүн саны 15ке жетти. Шөкүлөнү турмушка узап жаткан кыздар кийишкен, андан кийин жоолук, элечекке өтүшкөн. Алдыда шөкүлө майрамын өткөрүү тууралуу пландарым бар.

Лира Севен

Лира Севендин жеке архивинен алынды
Фото Лира Севендин жеке архивинен алынды

Эң көп окулган жаңылыктар